БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/6
“Сай айылында курулуп жаткан спорт залга ат коюу жөнүндө”
Сай айылынын тургундарынын Сай айылындагы Токтогул атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебине курулуп жаткан жаңы спорт залга Донаев Акматбек агайдын ысымын ыйгаруу боюнча кайрылуусун жана Социалдык маселелер, билим берүү жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Апсаламовдун маалыматын угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Көп жылдык үзүрлүү эмгегин эске алып, Барпы айыл өкмөтүнүн Сай айылындагы Токтогул жалпы билим берүүчү орто мектебине курулуп жаткан жаңы спорт залга Донаев Акматбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары Сай айылындагы Токтогул жалпы билим берүүчү мектепке курулуп жаткан жаңы спорт зал Донаев Акматбек атындагы спорт зал деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |