БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/9
“Жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Боз-Чычкан айылынын тургундарынын жана Жер суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М Жамгырчиевдин Боз-Чычкан айылынан 0,20га жер аянтына спорт аянтчасын уюштурууга жер аянтын ажыратып берүү боюнча сунуштарын угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Боз-Чычкан айылынан №1165 контурдагы 0,20га жер аянты спорт аянтчасы үчүн ажыратылып берилсин.
2. Боз-Чычкан айылындагы спорт аянтчасы үчүн ажыратылган 0,20га жердин документтерин даярдап берүү Барпы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Назаровго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |