БАРПЫ АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын V сессиясы
2021-жылдын 22-ноябры № 5/10
“Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин күн тартибиндеги маселени жана Жер суу чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М Жамгырчиевдин КБФ Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине түзүлгөн келишимдерди жана ижара акыларын карап чыгуу жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап, сунуштарды угуп Барпы айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Бардык КБФ Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери аукциондун негизинде бөлүштүрүлсүн.
2. Аукцион аркылуу КБФ Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин бөлүштүрүүнү уюштуруу Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн barpy.kg сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы | У.А.Абдыкулов |