Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы

2021-жылдын 29-январы № 40/7

«Авлетим токой чарбасынын токой фондусун ичиндеги токой ресурстарын пайдалануу боюнча тѳлѳнүүчү тѳлѳм жана ижара акыларын 2021-жылга тарифтик бааларын бекитүү жѳнүндѳ»

Айылдык кеңештин «Укук, мыйзам жана этика» жана Айыл чарбасы жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун 2021-жылдын 27-январындагы протоколуна ылайык, сессия

Токтом кылат:

1. Авлетим токой чарбасынын токой фондусунун ичиндеги токой ресурстарын пайдалануу боюнча тѳлѳнүүчү тѳлѳм жана ижара акыларынын 2021-жылга тарифтик баалары бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Айыл чарбасы жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы А. Тѳлѳбаевге жүктѳлсун.

 

Авлетим айылдык кеңешинин төрагасы:

А.Шырдаков