Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы

2021-жылдын 29-январы № 40/10

«Муниципалдык кызматка ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу,№5-Байгашка-Терек шайлоо округунан шайланган депутат Тургуналиев Кенжебек Оросбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеӊештеринин депутаттарынын статусу жѳнүндѳгү» мыйзамынын 3-беренесине жана «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү»мыйзамынын 24-беренесинин 2-пунктунун 2 жана 2-1 пункттарына ылайык,сессия

Токтом кылат:

1. №5-Байгашка-Терек шайлоо округунан шайланган Авлетим айылдык Кеӊешинин депутаты Тургуналиев Кенжебек Оросбековичтин 2020-жылдын 12-декабрындагы депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жѳнүндѳгү жазган арызынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. Байгашка-Терек шайлоо округунан кезекте турган талапкрди кѳрсѳтүп берүү . жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.

4 Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айылдык Кеӊештин «Укук, мыйзам , , жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына , , жуктолсун(Жолдошов.К.)жуктолсун.

 

Төрага:

А.Шырдаков