Редакцияот 29.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Авлетим айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз 40-cессиясы

2021-жылдын 29-январы № 40/13

«Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы түзүлгөн эмгек келишимин бекитүү жөнүндө»

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 27.01.2020-жылдагы №31 сандагы билдирүүсүнө негиз жана «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү эки тараптуу келишимди угуп жана талкуулап, сессия

токтом кылат:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү Аксы райондук статистика бөлүмү менен Авлетим айыл өкмөтүнүн ортосундагы эки тараптуу келишим бекитилсин.

2. Токтом www. avletim.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановго жүктөлсүн.

 

Төрагасы:

А.Шырдаков