КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIcессиясынын
2021-жылдын 3-сентябры № 4
Кенеш тазалык муниципиалдык ишканасынын убактылуу жетекчиси Б.Чымынтаевдин кайрылуусу жөнүндө
Кенеш айылдык Кенешинин тазалык ишканасынын балансында турган погрузчик техникасын ондоп түзөөгө акча каражатын бөлүп берүү бюджет жана экономика кортундусуна негиз Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIсессиясы
Токтом кылат:
1. Кенеш тазалык ишканасына Кенеш айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген субсидия акчасынан 108300 (бир жүз сегиз мин үч жүз)сом акча каражаты бөлүп берүү жагы каралсын.
2. Тазалык ишканасынын убактылуу жетекчиси Б.Чымынтаевке жана Кенеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каиповко мыйзамдуу жагын карап чыгуу милдеттендирилсин
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEB сайытына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык кенешинин катчысынын у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
5. Көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кенешинин төрагасы: | К.Айдаров |