КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIcессиясынын
2021-жылдын 3-сентябры № 6
Кенеш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын №38 А.Осмонов атындагы Жалпы билим берүүчү орто мектеби жөнүндө
Корутунду №132 Базар-Коргон районунда кооптуу табигый процесстер менен кубулуштар кутулуучу жерлерге жүргүзүлгөн изилдөөлөр дүн жыйынтыгы боюнча Кенеш айыл аймагынын Кара-Жыгач айылынын, №38 А.Осмонов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби координаты : и ш. 41.182192 д.72.802387 негиз Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIIсессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Жыгач айылынын №38 А.Осмонов мектебинин башталгыч класс 1-4-класска чейин окуу процесси үзгүлтүкө учурабоо үчүн Баратов Абдуллага таандык төрт бөлмөлүү турак жай тандалып алынсын. (Корутунду тиркелет)
2. А.Баратовдун төрт бөлмөлүү үйүн талапка жооп бере турган ремонт иштерин жана акча каражаттын мыйзамдуу жагы Кенеш айыл өкмөтүнүн юристи М.Каипов менен ФЭП башчы Б.Каиповага жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы Кенеш айыл өкмөт башчы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEB сайытына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык кенешинин катчысынын у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
6. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктолсүн
Кеңеш айылдык кенешинин төрагасы: | К.Айдаров |