КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2021-жылдын 27-майы № 1
Кеңеш айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө
Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын ыйгарым укуктарына ылайык, Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык Кеңешинин регламенти бекитилсин.
2. Регламенттин аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңеш айылдык Кеңешинин туруктуу комитеттеринин төрагаларына жүктөлсүн
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү ” Мыйзамына ылайык Кеңеш айыл өкмөтүнүн расмий WEВ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |