Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 9-июлу № 5

Кенеш айыл аймагынын айылдык депутаттар тарабынан бак-дарак жана чөп чабык эгиндерге түшкөн мал жандыктарга айып пул киргизүү жөнүндө

Кенеш айыл аймагынын элдердин бак-даракка түшкөн жылкы , кара малга 5000 (беш мин ) сом, кой эчкиге 500 (беш жүз ) сом, жана чөп чабык, эгиндерге түшкөн мал жандыктарга жылкы кара малга 2000 (эки мин) кой эчкиге 200 (эки жүз) сом айып пул суммасынан Кенеш айыл өкмөтүнүн эсебине 50 пайызы ыйгарылышы жөнүндө

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Бак-даракка түшкөн жылкы кара малга 5000 сом,кой эчкиге 500сом.

2. Чөп чабык, эгиндерге тушкөн жылкы кара мал 2000 сом кой эчкиге 200 сом

3. Аткаруу жагы Кеңеш айыл аймагынын башчысы М.Алкадыровго милдеттендирилсин

4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ыйлайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEB сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизуу жагы Кенеш айылдык кенешинин катчысынын у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басарына М.Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров