Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясынын

2021-жылдын 16-февралы № 18

Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында МТСтеги МЧББнун директору Замира Адышованын кайрылуусу жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында МТСтеги МЧББнун директору Замира Адышованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кеңеш айыл аймагынын Совет айылында МТСтин ичинде жайгашкан Бала бакчага “Ак кеме” деген ысым берилсин.

2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров