Редакцияот 16.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

2021-жылдын 16-февралы № 22

Кеңеш айыл аймагынын 2016-2017-жылдарда 160 счет жоопкерчиликке алынган китепче жөнүндө

Кеңеш айыл аймагынын башчысы Р.Омурзаковдун сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кеңеш айыл аймагынын 2016-2017-жылдарда 160 счет жоопкерчиликке алынган китепчеде кредитордук карыз 82913 сом аласа жана 178 счет мекеме ишканалар менен дебедте 51467 сом, кредитте 206463 сом аласа болуп жүргөн ишкерлер жана ОСООлор жок болуп кеткендиктен жогорудагы суммалар жокко чыгарылсын.

2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров