Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясынын

2021-жылдын 10-марты № 3

Кеңеш айыл аймагынын жарнамалык такталардын ижара акыларын бекитүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Саипов Уларбектин 09.03.2021-жыл №01-17/292 сандуу сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги жарнамалык такталардын ижара акыларынын квадрат метрин 300 сомдон бекитилсин.

2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров