Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 4

Кеңеш айыл аймагында жайгашкан төрт трансформаторду өкмөттүн балансына өткөрүү жөнүндө

Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Саипов Уларбектин 09.03.2021-жыл №01-17/291 сандуу сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

1.    Кеңеш айыл аймагынын Совет айылы ПМКда, Совет айылы Достук көчөдө, Кызыл-Октябрь айылы Бешбаков көчөдө, 1-Май айылы Кош Коро участкасында жайгашкан трансформаторлор Кеңеш айыл өкмөттүнүн балансынан Базар-Коргон райондук электр тармактар ишканансынын балансына акысыз өткөрүлүп берилсин.

2.    Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.

3.    Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.

4.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Аттокуров