КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясы
2021-жылдын 10-марты № 5
КБФнын жерлерин ижарага берүү жана ижара акысы жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Саипов Уларбектин 04.03.2021-жыл №01-17/279 сандуу сунушуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кеңеш айыл аймагында жайгашкан Кайра бөлүштүрү фондунун жерлерин ижарага берүүдө ар бир гектардын ижара акысы социалдык фондко жана салыкка болгон төлөмдөрдү кошо эсептөө менен төмөнкү көлөмдө өзгөртүүсүз калтырылсын.
-1 (бир) гектар КБФнын жерине - биринчи категориядагы жерге 7000 сом
- экинчи категориядагы жерге 5000 сом
- үчүнчү категориядагы жерге 3230 сом
- чоп чабык жерге 1300 сом
- кайракы жерге 1500 сом
- бак дарактарга 3000 сом бекитилсин.
2. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен жер боюнча туруктуу комиссия менен биргеликте текшерүүдөн өткөрүлүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |