КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү XXXI сессиясынын
2021-жылдын 10-марты № 7
Аук айылынын тургуну Өсөров Зулпукардын атын көчөгө коюу жөнүндө
Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу У.Саиповдун 10.03.2021-жыл №01-17/295 сандуу сунушуна жана Аук айылынын жашоочуларынын протоколуна негиз Кеңеш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Аук айылынын тургуну Өсөров Зулпукардын аты Осмонов Абдыкадырдын үйүнөн баштап, Маматов Исабектин үйүнө чейинки аралык көчөгө ыйгарылсын.
2. Аталган көчөнү Өсөров Зулпукардын деп аталышын жаздырып, катар үй номурун койдуруу, көчөнү жашылдандыруу, көрктөндүрүү, көчөнүн тазалыгын, архитектуралык план боюнча сакталышын ишке ашыруу жагы Өсөров Зулпукардын балдарына, тууган уругуна милдеттендирилсин.
3. Кеңеш айыл аймагынын юристи М.Каипов менен текшерүүдөн өткөрүп мыйзамдуулугун карап берилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кеңеш айыл аймагынын расмий ВЕБ сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин катчысы Г.Кулбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Абдулакимовко милдеттендирилсин.
Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы: | К.Аттокуров |