Редакцияот 05.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кеңеш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VI сессиясы

2021-жылдын 5-августу № 3

Могол-Коргон балдар бакчасынын Ачылышы жөнүндө

Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын VI сессиясында Могол –Коргон балдар бакчасынын ачылышы боюнча өкмөт башчы М.Алкадыровдун сунушун угуп талкуулап Кенеш айылдык КенешининVIII чакырылышын кезектеги VIсессиясы

Токтом кылат:

1.Могол- Коргон балдар бакчасы ачылсын.

2.Бала бакчанын ачылышы жана ишке киргизүү жагы каржылоо булагыКенеш айыл аймагынын башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагынын расмий WEB сайытына жарыялаган күндөн баштап күчүнө кирет.

4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык кенешинин катчысынын у.м.а. Б.Шаиковага милдеттендирилсин.

5.Көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М.Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

Кеңеш айылдык Кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров