КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-таза-суу» ишканасынын 2020-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету жана 2021-жылга тарифин бекитүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчисинин 2020- жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчетун жана 2021-жылга алынуучу салыктын тарифин угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн ИСКАКБ «Абшыр-Таза-Суу» ишканасынын жетекчиси Ш.Ахмедовдун 2020-жылда аткарган иштери боюнча жылдык отчету канаатандырарлык деп эсептелсин.
2. Т.Кулатов айылдык округу боюнча таза суу пайдалануучуларга төмөндөгүдөй наркта тариф бекитилсин.
А - ар бир адамга (жалпыга) бир айда 11 (он бир) сом 55 тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
Б - жеке түтүкчөлөрү бар эсептегичи жок үй ээлерине ар бир жанга Шевелевдин таблицасынын негизинде л-сек. 11 (он бир) сом 55 (элүү беш) тыйындан баа бекитилсин.
В - мекеме, ишкана ж.б социалдык мекемелерге м3 15 (он беш) сом 01 (нөл бир) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
3. Үйлөргө киргизилген суу түтүгүнө Шевелевдин таблицасынын негизинде 1 м3 суунун наркы 11 (он бир) сом 55 (элүү беш) тыйындан төлөө тарифи бекитилсин.
4. Башкы суу түтүгүнөн үйлөргө суу киргизүү үчүн техникалык кызмат акысы 3000 (үч мин) сом тарифинде бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |