КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-4
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынын тургуну жеке ишкер М.Анарбаевге туризмди өнүктүрүү максатында тарыхий курулуш куруу үчүн 9.0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Абшыр-Ата айылынын тургуну жеке ишкер М.Анарбаевге туризмди өнүктүрүү максатында тарыхий курулуш куруу үчүн 9.0 га жер аянтын трансформацияга макулдук берүү жөнүндөгү маселе боюнча Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы №2-4 протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Абшыр-Ата айылынын тургуну жеке ишкер М.Анарбаевге Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек участкасынан №2520 бадалдуу жайыт, №2521 токойлуу жайыт, №2523 токойлуу жайыт, №2524 таштар, №2516 Абшыр дарыясы, №2668 таштуу жайыт контурунан туризмди өнүктүрүү максатында тарыхий курулуш куруу үчүн 9.0 га жер аянтын трансформациялоого макулдук берилсин.
2. Ажыратылып берилген 9,0 га жер аянтын трансформациялоо боюнча иш-кагаздарын даярдоо жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин
3. Ажыратылып берилген жер аянтын трансформациялоого бекитип берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеёешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жана жер адисине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |