КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына калган калдык боюнча бөлүштүрүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 1-январына калган калдык боюнча Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 1–январына карата айыл өкмөтүнүнүн жергиликтүү бюджетинин калган калдык боюнча маалыматын угуп, талкуулап чыгып депутаттардын сунушун эске алуу менен Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралган протоколдун негизинде Т.Кулатов айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына карата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинде калган калдыгы №1-тиркемеге ылайык каржылоолор жүргүзүлүүчү 12 435,5 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттарын сарамжалдуу өз багытында иштетүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысы менен ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |
|
|
Т.Кулатов атындагы айылдык
Кенешинин (6 чакырылышы)
кезектеги 36-сессиясынын №5
токтомуна № 1 тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-январына калган калдык боюнча тиркеме
| Калган калдык | 2021-жыл |
Элемент (8) | Чыгашалардын аталышы
1 |
|
| 2 | |
| Чыгашалардын жыйынтыгы | 12 435,5 |
| Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 585,5 |
| Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду |
|
| Коргонуу | 86,2 |
| Экономикалык чыгымдарга | 4660,6 |
| Коммуналдык чарба | 50,7 |
| Маданият | 6399,2 |
| Билим берүү | 639,2 |
| Социалдык коргоо | 65,0 |
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы: | А.Сыдыкова |