КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын баалоонун жыйынтыгы боюнча аппарат кызматкерлеринин ишин баалоо жана үстөк акы төлөө шарттары жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселени карап чыгып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык административдик кызматчылардын ишин баалоо боюнча комиссиянын отурумунун 2021-жылдын 25-январындагы №2 протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы № 131 токтомунун 4 пуктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын 2020-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана берилген жылдык план тапшырмаларды аткаруудагы жетишкендиктери үчүн калдык бюджеттен 336 124 (үч жүз отуз алты миң бир жүз жыйырма төрт) сом муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөктөр төлөнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин бюджет, экономика соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |