Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин айланасындагы 4 даана дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин айланасындагы 4 даана дарактарды кыюуга макулдук берүү жөнүндө Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин директору Батырбек к Эркеайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин айланасындагы 4 даана дарактарды кыюуга макулдук берилсин.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы Т.Кулатов атындагы мемориалдык музейинин айланасындагы 4 даана дарактарды кыюу боюнча иш алып баруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев