Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-8

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянтарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянтарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акынын өлчөмүн бекитүү боюнча жеке агроном И.Калмурзаевдин маалыматын угуп жана “Ноокат райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын залында, райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндө түзүлгөн жеке агрономдордун катышуусунда 2021-жылдын 1-февралында өткөрүлгөн жыйындын” №1 протоколун карап чыгып, талкуулап жана айыл аймагындагы жеке агрономдорго жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” №101 мыйзамынын негизинде, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:

Токтом кылат:

1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында 2021-жылдын жазгы талаа иштерине карата көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянтарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы 1,0 га жер аянтындагы көп жылдык бак-дарактарды дарылоо 3000 сом, 1,0 га жер аянтындагы эгиндерди дарылоо 2000 сом, көп жылдык бак дарактарды бутоо жумуштары көлөмүнө жараша 30-150 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Жогорудагы бекитилген көп жылдык бак-дарактарды бутоо жана эгин аянттарын зыянкечтерге, ооруларга каршы дарылоо иштерине кызмат көрсөткөн жеке агрономдор жана жеке ишкерлер үчүн кызмат акы өлчөмүн айыл аймагындагы дыйкан, фермер жана багбанчылык менен алектенген ишкерлерге маалыматтарды жеткирүү айыл өкмөтүндөгү жеке агроном жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына тапшырылсын.

3. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев