Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-9

Т. Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык (УШК) шайлоо комиссияларынын курамына (резерв) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө

            Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкерлерди көрсөтүп берүү жөнүндөгү Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуу катына ылайык, айыл аймагындагы жамааттык, коомдук уюмдар тарабынан талапкерлерди сунуштап берген чогулуштарынын протоколдору менен айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын “Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын (УШК) курамын (резерв) айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн талапкердин тизмеси жактырылсын.

2.    Сунушталган талапкерлердин өздүк документтери Ноокат АШКсына жөнөтүлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев

 

 

 

Т.Кулатов атындагы айылдык

Кенештин 6-чакырылышынын кезектеги

36-сессиясынын №36-9 токтомуна тиркеме

 

Т. Кулатов атындагы айыл аймагынын №5529 «Ак-Чал» участкалык шайлоо комиссиясына талапкерлеринин тизмеси.

 

№

Ф. И. О

Улуту

Жынысы

Туулган жылы

Билими

Иштеген жери

Ким тарабынан сунушталды

1

Сыдыкова Айдангүл Таштемировна

кыргыз

аял

13.02.1988

Жогорку

Т.Кулатов аө

Ак-Чал жамааты

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы:

А.Сыдыкова