Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-10

Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги 34-сессиясынын №34-12 токтому менен бекитилген, Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу стратегиясын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 22-беренесинин негизинде, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:

Токтом кылат:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл аймагында катталган 16 жашка толбогон 200 балага спорттук ийримдердин кызматын төлөгөнгө субсидия берүү максатында Т.Кулатов атындагы айыл аймагынын 2021-жылдын бюджетинен 200 балага 260 сомдон 520 000 сом акча каражаты каралсын.

2.    Субсидия алууга талапкер балдардын саны 200 баладан ашса, балдарды тандоо боюнча комиссия түзүү айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3.    Бөлүнгөн 520 000 сом акча каражатын, ай сайын 52 000 сомдон которуп туруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев