Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-11

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын калдык бюджетинен 1 160 000 сом акча каражатына атайын техника  сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Авазов Мураталинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджеттик кодексинин 29-беренесинин 1-бөлүмүнүн 3 бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасына Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын калдык бюджетинен 1 160 000 сом акча каражатына атайын техника сатып алууга макулдук берилсин.

2.    Бөлүнгөн 1 160 000 сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев