КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-14
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун ардагерлерине форма тиктирүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун ардагерлерине форма тиктирүү үчүн «Айыл өкмөттүн кошумча кызмат көрсөтүүлөрүн жана кошумча кызматтардын стандарттарын бекитүү жөнүндөгү» айылдык кеёештин 2018-жылдын 11-июлундагы № 13-9 токтомуна негиз ,Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагындагы Ооган согушунун ардагерлерине форма тиктирүү үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |