КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-16
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине жаныдан туалет курууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине жаныдан туалет куруу жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек айылындагы К.Колдошов атындагы орто мектебине жаныдан туалет куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |