Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-17

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Ак-Чал айылына жаныдан спорт комплекс куруу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына жаныдан спорттук комплекс куруу жөнүндөгү айылдык кенештин депутаты А.Эшимбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренсинин 10-бөлүмүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылына жаныдан спорттук комплекс куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен

1 000 000 (бир миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев