КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-18
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаториянын курулушуна акча каражат бөлүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаторияны куруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 20-беренсинин 6-пунктунун 4-бөлүмчөсүнө таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы жаныдан курулуп жаткан амбулаторияны куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 2 250 000 (эки миллион эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |