КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы
2021-жылдын 24-февралы № 36-19
Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүн ондоп түзөө үчүн спонсордук жардам иретинде жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №59 Бюджет кодексинин 13-беренесине жана 78-беренесинин 7-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча комиссиясынын протоколун эске алып, Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүнүн 2021-жылдын 09-февралындагы №03-233 НРО сандуу катына негиз, райондук бөлүмдүн имаратын ондоп түзөө үчүн спонсордук жардам иретинде жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Н.Мадимаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик улуттук коопсуздук Комитетинин Ош шаары жана Ош областы боюнча башкармалыгынын Ноокат райондук бөлүмүн ондоп түзөө үчүн спонсордук жардам иретинде айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын калдык бюджетинен 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |