Редакцияот 24.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 36-сессиясы

2021-жылдын 24-февралы № 36-20

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал ооруканасынын даарыгери Каратаева Алтынайдын арызын кароо жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал ооруканасынын дарыгери Каратаева Алтынай УЗИ аппаратында иштөө боюнча төрт айлык курста окуп келүү үчүн 30 000 сом акча каражатынан жардам сураган арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз, жергиликтүү бюджеттен акча берүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал ооруканасынын дарыгери Каратаева Алтынай Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 19-декабрындагы “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Мыйзамына негиз айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 30 000 (отуз миң сом) акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.    Акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев