КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 37-сессиясы
2021-жылдын 16-марты № 37-2
Үрөөнчүлүк чарба уюштурган Жолдошов Медетбек Имаралиевичке келишимдин негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 2-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн үрөөнчүлүк чарба уюштурган Жолдошов Медетбек Имаралиевичке келишимдин негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү жайыт комитетинин жетекчиси К.Рустамовдун билдирүүсүн угуп, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл аймагында үрөөнчүлүк чарба уюштурган Жолдошов Медетбек Имаралиевичке келишимдин негизинде жер аянтын убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген жер аянты боюнча ижаралык келишимди жеке үрөөнчүлүк чарба уюштурган Жолдошов Медетбек Имаралиевичке менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |