Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 38-5

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында малдарды асылдандыруу максатында ангус пародасын жана башка пародаларын сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин 10-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл аймагында малдарды асылдандыруу максатында ангус пародасын жана башка пародаларын сатып алуу жөнүндөгү Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаты Боркош уулу Дамирбектин сунушуна негиз, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т. Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл аймагында малдарды асылдандыруу максатында ангус пародасын жана башка пародаларын сатып алууга макулдук берилсин.

2.    Токтомго ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын .

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев