Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы

2021-жылдын 19-марты № 38-6

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы эски “Гарам” көчөсүнө коомдук ишмер Жороев Абдыкаардын атын ыйгаруу жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы эски “Гарам” көчөсүнө коомдук ишмер Жороев Абдыкаардын атын ыйгаруу жөнүндө Кожо-Арык айылында өткөрүлгөн жамааттык элдик чогулушунун 2021-жылдын 10-мартындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап, коомдук ишмер Жороев Абдыкаардын эрдигин баалап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» Мыйзамынын 4 бөлүгүнүн 31-беренесине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кожо-Арык айылынын жамааттык элдик чогулушунун 2021-жылдын 10-мартындагы №1 протоколу колдоого алынсын.

2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы эски “Гарам” көчөсүнө коомдук ишмер Жороев Абдыкаардын атын ыйгарууга макулдук берилсин.

3. Токтомго ылайык иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, мандат, укук, дин иштери жана депутаттардын этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Топчубаев