КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 38-сессиясы
2021-жылдын 19-марты № 38-7
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү өнөр-жай, транспорт, байланыш жана башка 180 га жер аянтынын ЮКЦ Цемент заводунун батыш тарабындагы бош турган 1.0га жер аянтына өндүрүш кичи завод (темир бетон буюмдарын) куруу үчүн “Пром Б” ЖЧКмуна убактылуу пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин 4-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү өнөр-жай, транспорт, байланыш жана башка 180 га жер аянтынын ЮКЦ Цемент заводунун батыш тарабындагы бош турган 1.0га жер аянтына өндүрүш кичи завод (темир бетон буюмдарын) куруу үчүн “Пром Б” ЖЧКмуна пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө жер комиссиясынын 2021-жылдын 15-февралындагы №2-2 протоколуна негиз, Т.Кулатов атындагы айылдык Кенешинин депутаттары таанышып жана талкуулап чыгышып, Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жин-Жиген бөлүмүндөгү өнөр-жай, транспорт, байланыш жана башка 180 га жер аянтынын ЮКЦ Цемент заводунун батыш тарабындагы бош турган 1.0га жер аянтына өндүрүш кичи завод (темир бетон буюмдарын) куруу үчүн “Пром Б” ЖЧКмуна убактылуу пайдаланууга макулдук берилсин.
2. “Пром Б” ЖЧКму менен 1.0 га жер аянтына келишим түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Топчубаев |