КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 4-4
“Евроресурс” ЖЧКна “Жин-Жиген” бөлүмүндөгү өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана башка багыттагы жерлер категориясындагы 180 га жер аянтынын ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан №52 контурунан 2,0 га жер аянтына өндүрүш кичи ишкана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндө
“Евроресурс” ЖЧКна “Жин-Жиген” бөлүмүндөгү өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын жана башка багыттагы жерлер категориясындагы 180 га жер аянтынын ичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан №52 контурунан 2,0 га жер аянтына өндүрүш кичи ишкана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын №2 протоколун эске алып,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып , Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатоватындагыайылөкмөтүнүн аймагындагы «Жин-Жиген» бөлүмүнөн, мурдагыичинен ЮКЦ Цемент заводунун түндүк-батыш тарабынан«Өнөр-жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы 180,0 га жер аянтына кирген № 52 контурунан 2,0 га жер аянтын «Евроресурс» Жоопкерчилиги Чектелген Коомуна убактылуу келишимдин негизиндепайдалануугамакулдук берилсин.
2. Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 2,0 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди «Евроресурс» ЖЧКнун жетекчилиги менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынатапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Ажибаев |