КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 16-июлу № 4-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгууга тарифин бекитип берүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгууга тарифин бекитип берүү жөнүндө ишкананын жетекчиси М.Авазовдун билдирүүсүн Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин депутаттары угуп жана талкуулап чыгышып,Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүмүнүн 5-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында уюшулган “Айылкурулуш” муниципалдык ишканасынын айыл аймагындагы бала бакчалардын жана мектептердин суюк таштандыларын ташып чыгуу үчүн 1 рейсине 1600 сом өлчөмүндө тарифи бекитилсин.
2. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен суюк таштанды үчүн акча каражаты каралбагандыгына байланыштуу ушул жылдын 9 айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешеден каралсын. №1 тиркемеге ылайык.
3. Акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Ажибаев |
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин 7-чакырылышынын
кезектеги 4-сессиясынын №4-6 токтомуна №1-тиркеме
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларынын 2021-жылга карата цептигинен суюк таштандыларын тазалоо боюнча түзүлгөн смета.
№ | Аткарылган иштердин дареги | Көлөмү (рейс) | Баасы (сом) | Сумма (сом) |
1 | «Наристе Балалык Таны» | 15 | 1600 | 24000 |
2 | «Алтын Муун Жеткинчек» | 15 | 1600 | 24000 |
3 | «Жаша БалалыкТаны» | 15 | 1600 | 24000 |
4 | «Нур-Белек» | 15 | 1600 | 24000 |
5 | «Раян» | 6 | 1600 | 9600 |
| Жалпысы: | 66 | 1600 | 105600 |
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы: | А.Сыдыкова |