Редакцияот 16.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы

2021-жылдын 16-июлу № 4-7

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен “Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКнун ортосунда түзүлгөн меморандумдун5 пунктундагы майрамдарга каралган акча каражатын бекитүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен “Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКнун ортосунда түзүлгөн меморандумдун 5 пунктундагы көрсөтүлгөн акча каражатын учурдагы жылдын майрамдарын өткөрүү үчүн Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен “Түштүк Кыргыз Цемент” ЖАКнун ортосунда түзүлгөн меморандумдун 5 пунктунда көрсөтүлгөн 100 000 (жүз миң) сом акча каражатын учурдагы жылдын майрамдарына иштетүү үчүн бекитилсин.

2.    Бекитилген акча каражатын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБ башчысына жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин экономика, бюджет соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев