Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-1

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтарын белгилеп берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер аянтарын белгилеп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 32 берелерине таянып,Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жашаган атуулдарга Ген пландын негизинде жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо аянтынан 0,08 га жер тилкесин бөлүп берүү бекитилсин.

2.    Токтом боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Ураимовго жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев