Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-2

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбекке Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 30-июнундагы №3 протоколун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Каримберди бөлүмүнүн түштүк-чыгыш тарабынан №521 контурунан көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан кайрак айдоо жеринен 1,0 га жер аянтын күнөскана куруу үчүн Кожо-Арык айылынын тургуну жеке ишкер Козубаев Акылбеккеубактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берилсин.

2.    Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 1,0 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди жеке ишкер Козубаев Акылбек менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кенешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүргөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев