Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-3

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 5-августундагы №5 протоколун эске алып,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13 жана 27 берелерине таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынайга Жал ооруканасынын тиешелүү жер аянтынын ичинен 0,005 га жер аянтын женил типтеги аптека куруу үчүн убактылуу келишимдин негизинде пайдаланууга макулдук берилсин.

2.    Убактылуу пайдаланууга ажыратылып берилген 0,005 га жер аянты боюнча ижаралык келишимди Жал бөлүмүнүн терапевт-врачы Каратаева Алтынай менен түзүү Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин жер аянтарына менчик укуктарын түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү жана өздөштүрүлгөн жерлерди өз менчик укуктарына бекитип берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев