КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5-4
Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин 6–чакырылышынын кезектеги 34- сессиясынын 34-10-токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги көчөсүнө төшөлүүчү асфальттын кеңдиги сметада 4 м болуп калгандыгына байланыштуу дагы 1 м кошуп 5 м кылып кошуп берүү жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 18-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кулуштан айылынын негизги жолуна төшөлүүчү асфальттын кеңдиги 5 м болуп курулууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин транспорт ,курулуш, өнөр-жай, кайра иштетүү жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы: | А.Ажибаев |