Редакцияот 03.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

2021-жылдын 3-сентябры № 5-5

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна таянып, Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын 6 айында аткарылган иштери кемчилдиктерин эске алуу менен канааттандырарлык деп эсептелсин.

 

Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин төрагасы:

А.Ажибаев