Редакцияот 25.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гулистан айыл кеңешинин (VI-шайланган) кезектеги XХXIV -сессиясы

2020-жылдын 25-декабры № XXXIV-11

“Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген уюмунун жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү боюнча 2021-жылга тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл кеңешине “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген уюму жолоочуларга такси кызматын көрсөтүү үчүн, 2020-жылдын 9-декабрында автоунаалардын 2021-жылга кызмат көрсөтүү акын белгилеп берүү сунушу менен кайрылган. Гулистан айыл кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Райхон-Ноокат” жоопкерчилиги чектелген коомдун автоунаалардын кызмат көрсөтүү акы: отургузуу акы 19 сом, андан кийин ар бир километрга 20 сомдон кылып белгиленсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Мирзакулов