Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 2

Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет комитетинин отурумунун протоколу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2021-жылдын 9-айлык бюджетинин жыйынтыгы жөнүндө берген протоколдук маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 9-айлык бюджетинин жыйынтыгы менен өткөзүлгөн отурумунун протоколу жактырылсын.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров