Редакцияот 25.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XХXVIII -сессиясы

2021-жылдын 25-октябры № 4

Үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин, кооперативтердин асыл тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгын көтөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айылдык кеңешинин Бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин, кооперативтердин, асыл тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгын көтөрүү жөнүндөгү маалыматын жана Р.Мурзабековдун сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу үрөнчүлүк чарбалардын, фермерлердин, кооперативтердин, асыл-тукум чарбалардын ижара жерге болгон салыгы бир гектарына шарттуу сугат – 7500 (жети миң беш жүз) сомго, кайракы – 5000 (беш миң) сомго, чөп орок – 1000 (бир миң) сомго бекитилсин.

2.    Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Жуманазаров