БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 19-июну № 1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 49-беренесине жана Бүргөндү айылдык кеңешинин Регламентинин 2-бөлүгүнө ылайык Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Курманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы А. Курманкуловдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндөгү комиссиянын протоколу бекитилсин.
3. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы болуп 15 (он беш) добуш менен Арстанбеков Зайырбек Советбекович шайлансын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын өзүмө калтырамын.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | Б. Кубатов |