БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 3
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” КРнын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, аймактык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүү жөнүндөгү Ноокен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 01-05/17 сандуу катында айтылган маселени угуп жата талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 23-июлундагы № 01-05/17 сандуу каты эске алынсын.
2. Аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Бүргөндү айыл өкмөтүнүн тургундары Турдалиев Сардарбек Садирович жана Ахмедов Муродбек Махамадовичтин талапкерлиги сунушталсын.
3. Жогоруда аты аталган талапкерлердин тийиштүү документтерин аймактык шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекова милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. М. Толубаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | Б. Кубатов |