БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги ХXXXI сессиясы
2021-жылдын 4-марты № 1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун отчетун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жөнүндө финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун отчету эске алынсын. (отчет тиркелет)
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнүн 2020-жыл ичинде такталган планы 23374.2 миң сомду түзүп жыл башында бекитилген 21753,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
3. Чыгаша бөлүгү смета боюнча такталган планы 26197,8 миң сом бекитилгени 21753,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. (расчеттор тиркелет)
4. Өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Жогорудагылардын негизинде айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун 2020-жыл ичинде бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө аткарган иштери жөнүндөгү отчету канаттандырарлык деп табылсын.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы C. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кенешинин төрагасы: | З. Арстанбеков |